Таласта Архитектура башкармалыгына жаңы имарат курулууда

Аймак 6 октябрь 2025 12:02
whatsappimage20251003at1654242-43668dfe834b13d23.95189582.jpg
whatsappimage20251003at165425-71268dfe834b27025.76383829.jpg
whatsappimage20251003at165424-49968dfe834b18fd4.62386684.jpg
whatsappimage20251003at165426-6468dfe834b169a9.19642363.jpg
whatsappimage20251003at1654231-33968dfe834b1c805.57287600.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас райондук башкармалыгына жаны имарат курулуп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, министр Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган объекттин курулуш иштери менен таанышты.

Долбоорго ылайык, жаңы имарат эки кабаттан турат. Анда кызматкерлер жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Объектинин курулушу ушул жылдын август айында башталган.

Белгилей кетсек, башкармалыктын учурдагы имараты 1973-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Ал эми жаңы имарат башкармалыктын азыркы жайгашкан аймагында курулууда.