Таласта Айтматовго арналган заманбап комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 27 Апрель 2026 12:55
673121575_1463894821876229_7079113151894081653_n.jpg
672689829_1463894798542898_7357163614924072401_n.jpg
672671898_1463894828542895_1157789680908344536_n.jpg
672677483_1463894808542897_3767296351532195759_n.jpg
674121329_1463894775209567_1722843590817613732_n.jpg
Алдыга
Артка
673121575_1463894821876229_7079113151894081653_n.jpg
672689829_1463894798542898_7357163614924072401_n.jpg
672671898_1463894828542895_1157789680908344536_n.jpg
672677483_1463894808542897_3767296351532195759_n.jpg
674121329_1463894775209567_1722843590817613732_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Айтматов районунун Шекер айылында "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Таластагы өкүлүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы комплекс залкар жазуучу, дүйнөлүк адабияттын чыгааны Чыңгыз Айтматов өмүрү менен чыгармачылык мурасын даңазалоого арналган.

"Учурда курулуш аянтчасында негизги бетон жана инфраструктуралык иштер кызуу уланып, долбоор бекитилген планга ылайык ырааты менен жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана курулат. "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплекси - бул жөн гана курулуш объектиси эмес, улуттук руханий мурасты сактоого, улуу инсандын чыгармачылык дүйнөсүн келечек муундарга жеткирүүгө багытталган тарыхый-маданий борбор болуп саналат. Шекер айылы - жазуучунун киндик каны тамган ыйык жер катары бул долбоор үчүн өзгөчө символдук мааниге ээ", - деди Жумаев.

Белгилүү болгондой, маданий-мемориалдык комплекс өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын Талас облусунда белгилөө иш-чараларынын алкагында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий түрдө пайдаланууга берилери күтүлүүдө.