Таласта аэропортко караштуу жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

Аймак 21 май 2025 16:30
346404.jpg
499379425_1017865040532548_8933016594044637013_n.jpg
Алдыга
Артка
346404.jpg
499379425_1017865040532548_8933016594044637013_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Талас шаарындагы аэропортко тиешелүү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон Талас шаарындагы аэропорттун 2900 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

"Көрүлгөн чаралардын негизинде жогоруда белгиленген жер тилке мамлекетке кайтарылды",-деп айтылат маалыматта.