Таласта 96 га айдоо жери турак жай курууга мыйзамсыз берилген

Аймак 1224 18 Февраль 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-02-18 at 09.56.54.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-18 at 09.56.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-18 at 09.56.55.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-18 at 09.56.54.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-18 at 09.56.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-18 at 09.56.55.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Талас облусунда турак жай курууга мыйзамсыз берилген жерди мыйзамдаштыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сый акы үчүн 163 бирдик айыл чарба багытындагы ("сугат айдоо" категориясындагы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси А.О. кармалып, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.