Таласта 6 жаран "Йакын-Инкардын" идеологиясынан баш тартты

Аймак Загрузка... 26 Январь 2026 15:27
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Таласта "Йакын-Инкар" кыймылынын 6 мүчөсү мурдагы туура эмес көз караштарынан баш тартты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Түшүндүрүү иштеринен кийин агымдын мүчөлөрү өздөрүнүн мурдагы багыты ката экенин моюнга алышкан. Алар "Йакын-Инкардан" толук баш тартып, мындан ары мыйзамдарга жана Муфтияттын фатваларына баш ийүүгө убада беришти.

"Биз адашканыбызды моюндайбыз. Алладан жана элден кечирим сурайбыз", — деп билдирди катышуучулардын бири.