Таласта 30 млн сомдук мунай база мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 07 Июль 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Айтматов районунда 30 млн сомдук мунай базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кызыл-Адыр айыл аймагында жайгашкан аянты 1,62 га жер тилкеси, өндүрүштүк имараттар жана резервуарлар камтыган мунай базасы мыйзам бузуу менен менчиктештирилгендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 30 млн сом болгон бул объекттеги бардык мүлк жер тилкеси менен кошо мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, анын ичинде стратегиялык мааниге ээ объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча системдүү ишин улантууда.