Таласта 16,9 млн сомдук жер жана кампалар мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 19 Март 2026 09:25
3.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Талас шаарында жер жана мүлк мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында мыйзамсыз менчиктештирилген объекттер аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон аянты 0,34 га жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткендиги такталган.

Прокурордук чаралардын негизинде аталган кыймылсыз мүлктөр мамлекеттин менчигине кайтарылды.