Таласта 165 млн сомго курулган жаңы борбордук сейил бак ачылды

Министрлер кабинети 1113 24 Июль 2026 17:40
6a634b74608b5.jpeg
6a634b77060df.jpeg
6a634b77c1ae1.jpeg
6a634b77aa57f.jpeg
6a634b7773b67.jpeg
6a634b77e5330.jpeg
6a634b777203d.jpeg
6a634b76d2693.jpeg
6a634b768af1b.jpeg
6a634b7620206.jpeg
6a634b761aba4.jpeg
6a634b7536671.jpeg
6a634b7513b9b.jpeg
6a634b680287f.jpeg
Алдыга
Артка
6a634b74608b5.jpeg
6a634b77060df.jpeg
6a634b77c1ae1.jpeg
6a634b77aa57f.jpeg
6a634b7773b67.jpeg
6a634b77e5330.jpeg
6a634b777203d.jpeg
6a634b76d2693.jpeg
6a634b768af1b.jpeg
6a634b7620206.jpeg
6a634b761aba4.jpeg
6a634b7536671.jpeg
6a634b7513b9b.jpeg
6a634b680287f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарындагы борбордук сейил бактын ачылыш аземине катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Талас шаарынын тургундарын жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, мамлекет шаарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сом бөлгөнүн жана учурда облуста социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуп жатканын белгиледи.

“Өлкөнүн бардык аймактарында жаңы мектептер, ооруканалар, жолдор, стадиондор, аэропорттор жана сейил бактар курулууда. Бул — президент жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясаттын натыйжасы. Бул саясаттын негизги максаты — өз элине кызмат кылган мамлекетти куруу. Курулган ар бир мектеп — билим берүүгө салынган инвестиция; ар бир жаңы оорукана — адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө болгон камкордуктун белгиси; салынган ар бир жол — маанилүү экономикалык артерия; ал эми ар бир сейил бак — улуттун жашоо сапатына, ден соолугуна жана келечегине салынган салым. Бул сейил бак жалпы суммасы 165 млн сомду түзгөн бюджеттик каражаттын эсебинен курулду. Анда заманбап аттракциондор, жашыл аймактар, жарыктандырылган жөө жүрүүчү жолдор жана шаар тургундары үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анын чыныгы баалуулугу мына ушул жерде – балдардын күлкүсү жаңырып, жаштар кыял-максаттарын ишке ашырып, үй-бүлөлөр бактысын бекемдеп, ал эми улуу муун батасын берип тураарында жатат", — деди Адылбек Касымалиев.