Талас университетинин жаңы имаратынын курулушу кызуу уланууда

Аймак 650 16 Март 2026 10:40
IMG_9038_6FtdXir.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9032.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9035_wKPcRJU.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9033_sNA4ZpB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9034.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9036_4IeaAug.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9039_8XY8ASN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9037_rX2Ow37.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9040_xRkfk.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.03.26 /Кабар. Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулууда. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу активдүү уланууда. Жаңы кампус бардык заманбап окуу куралдары менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Имарат 31-августта мамлекет башчысынын катышуусунда ишке берилери пландалууда.

“Өткөн жылы университеттин эмгек жамааты өкүлчүлүккө кайрылып, окуу жайдын имаратын капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул маселеден кабардар болгон мамлекет башчы жаңы 5 кабаттуу имарат куруу боюнча чечим кабыл алып, анын каржылык маселесин да чечип берген”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Университеттин билим берүү тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.