Талас таанылгыс болуп өзгөрдү – жергиликтүү тургун

Коом 11 сентябрь 2026 14:40
copyright icon Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда 30 жылда жасалбаган иштер аткарылды. Бул тууралуу Талас шаарынын тургуну Эшмамбет Кенжешов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, Талас аймагы акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй кайра жаралуу доорун баштан кечирип, социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жолуна түштү.

“Облуста акыркы 5 жылдын ичинде мурда 30 жыл бою чечилбей келген орчундуу маселелер чечилип, масштабдуу курулуштар ишке ашты, элдин жашоо-шарты жакшырууда. Узак жылдар бою оңдолбой келген ички жана аймактык жолдорго асфальт төшөлүп, шаар-айылдардын байланышы кыйла жеңилдеди. Заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер бой көтөрдү. Өндүрүштү жанданткан жаңы завод-фабрикалар ишке кирип, жергиликтүү тургундарга туруктуу жумуш орундары ачылууда”,-деди ал.

Ал ошондой эле элине жараша президент шайланарын белгилейт.

“Бүгүнкү майрамдык иш-чаралар жөн гана кубаныч эмес, аймактын тарыхында кала турган чыныгы тарыхый окуя болууда", — деди жергиликтүү тургун.