Талас шаарында жаңы сейил бак курулууда

Аймак 24 Апрель 2026 17:35
1.jpg
678418623_1469356964663348_4340002161833249440_n.jpg
679059392_1469357057996672_2693086293530484491_n.jpg
679252151_1469356877996690_344347180562769934_n.jpg
679395135_1469356887996689_4139701995989337360_n.jpg
679438111_1469357114663333_4067631171045638120_n.jpg
679865100_1469357041330007_6667231595856424249_n.jpg
680764550_1469357124663332_4446112995705225512_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Талас шаарында борбордук сейил багы курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил бак президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулууда.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 21,6 млн сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, сейил бактын аянты 1,5 гектарды түзүп, анда 8 аттракцион, оргума, эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү иштери каралган.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 80 пайызга аткарылып, учурда тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорду ишке ашыруу шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган. Курулуш-монтаждоо иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.