Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулган үйлөрдүн ачкычтарын Талас шаарынын тургундарына тапшыруу аземине катышты.
Жалпы 11 блоктон турган “Тынчтык Ордо” турак жай комплекси 319 батирлүү.
Адылбек Касымалиев президенттин жана министрлер кабинетинин атынан жарандарды жаңы үйлүү болушу менен куттуктап, аларга бакыт, бакубатчылык жана үй-бүлөлүк жылуулук каалады.
“Бул жаңы үйлөрдүн босогосун аттоо менен сиздер жашооңуздардын жаңы барагын — жаңы мүмкүнчүлүктөр менен үмүттөргө толгон мезгилди баштайсыздар. Өз үйүнө ээ болгон ар бир үй-бүлө өлкөбүздүн туруктуулугун жана бакубатчылыгын чыңдоого салым кошот. Турак жайга болгон муктаждыкты чечүү — мамлекеттин өз жарандары алдындагы эң маанилүү социалдык милдеттеринин бири. Президент Садыр Жапаровдун демилгесинин аркасында акыркы жылдары өлкөбүздүн турак жай саясатында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Көптөр бир кезде ипотека байлар үчүн гана жеткиликтүү деп эсептешкен болсо, бүгүнкү күндөгү мамлекеттик саясат башка принциптерге негизделген. Жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багытына айланды. Ар бир эмгекчил жаранга өз үйүн сатып алууга мүмкүндүк берген шарттарды түзүү биздин негизги максаттарыбыздын бири”, - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы турак жай курулушун өнүктүрүү мындан ары борбор калаа жана ири шаарлар менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып, аймактардын комплекстүү өнүгүүсүнө гана эмес, ошондой эле тең салмактуу ички урбанизацияга да өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
“Бул “Тынчтык Ордо” турак жай комплексинин пайдаланууга берилиши — мамлекеттик саясаттын айкын натыйжасы. Бул комплекс тынчтыктын, бакубатчылыктын жана үй-бүлөлүк бакыттын чыныгы символуна айлансын. Күчтүү мамлекет күчтүү үй-бүлөдөн башталат. Күчтүү үй-бүлөлөр күчтүү коомду, ал эми күчтүү коом күчтүү мамлекетти курат. Сиздерди жаңы үйлүү болушуңуздар менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайм! Алар сиздерге бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин!" — деди Адылбек Касымалиев.