Талас шаарында 920 орундуу "Акылман" лицейи курулууда

Аймак 14 январь 2026 15:42
1.jpg
613237710_18035094815749347_8821522935936607046_n.jpg
613564230_18035094857749347_2904392334279186213_n.jpg
615771850_18035094860749347_5639927900711972855_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
613237710_18035094815749347_8821522935936607046_n.jpg
613564230_18035094857749347_2904392334279186213_n.jpg
615771850_18035094860749347_5639927900711972855_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Талас шаардык мэриясы

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Талас шаарында 920 орундуу "Акылман" президенттик лицейи курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жумушчу сапарынын алкагында лицейдин курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Лицей 920 орунга ылайыкталып, бардык заманбап шарттар менен камсыздалган 3 кабаттуу имарат жана жатаканасы менен салынууда. Окуу жай президенттин колдоосу жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаевдин демөөрчүлүгү менен курулууда.

"Акылман" президенттик лицейин 2026-жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда. Лицейде окуу акысыз болуп, Талас облусунун гана эмес, өлкө боюнча бардык окуучулар үчүн билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.