Талас районунда жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди

Экономика Загрузка... 17 Апрель 2025 16:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Талас районунун Көк-Кашат айылында жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Цехтин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

"Аймактарда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүдө жеке ишкерлердин активдүү позициясы, демилгеси мамлекет тарабынан ар дайым колдоого алынат. Мындай өндүрүштөрдүн ишке кириши айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири – кайра иштетүү тармагын көтөрүү", - деди Төрөбаев.

Инвестиция тартуу менен бул өндүрүштүк объектини түзүүгө 10 млн сом жумшалган. Жаңы ачылган ишкана толук кандуу ишке кирсе өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 10 тонна жүндү кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот. Туруктуу жумуш орундары да түзүлөт.

Цехтин ишке кириши аймактын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга өбөлгө түзөт.