Талас райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 23 сентябрь 2025 15:30
552937902_1114595620859489_9217672780851699028_n.jpg
552409065_1114595577526160_4121173004923657515_n.jpg
552507275_1114595667526151_2039121196542099524_n.jpg
550383459_1114595550859496_5338731888322475098_n.jpg
550493154_1114595580859493_1805819431282169620_n.jpg
552365555_1114595670859484_712516290606569652_n.jpg
552507275_1114595667526151_2039121196542099524_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бүгүн Талас райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ачылыш аземине катышкан башкы прокурор Максат Асаналиев өз сөзүндө жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө, жарандарды укуктук жактан ыкчам жана натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн бардык шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болоорун билдирди.

"Учурда өлкөбүздөгү прокуратура органдары үчүн дагы бир катар жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Бул өлкө жетекчилигинин укук коргоо тутумун чыңдоого жана прокуратура кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көрүп жаткан зор камкордугунун айкын далили болуп саналат", — деп белгиледи ал.

Талас райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды. Бул кадам прокуратура органдарынын ишмердигин өркүндөтүүгө, мыйзамдуулукту чыңдоого жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы ишти дагы да натыйжалуу жүргүзүүгө бекем негиз түзмөкчү.