Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда

Аймак 31 октябрь 2025 11:15
572893411_846144751276710_7915773855108406989_n.jpg
572164992_846144767943375_4620145441579998140_n.jpg
573060581_846144877943364_9186598984459909249_n.jpg
574263528_846144897943362_2381621037044613504_n.jpg
573367521_846144707943381_7808089372594706113_n.jpg
574574127_846145151276670_2513571333739290911_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 31.10.25 /Кабар/. Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда.

Облустук өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, учурда арканын айланасындагы аймакта ири өзгөрүүлөр жүрүүдө. Он жылдар бою жаңыртылбаган облустун кире беришиндеги арка толук реконструкциядан өтүп, эски контейнерлер жана убактылуу курулуштар алынууда.

Жол төрт тилкеге чейин кеңейтилди. Жаңы инфраструктуранын алкагында кофейня, эне жана бала үчүн бөлмө, жылытуу пункту, дааратканалар жана жашыл эс алуу аймагы курулмакчы.

Облус башчысы Эрмат Жумаев реконструкция иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.