Талас облусунун кире беришинде туристтер үчүн жаңы эс алуу жайы курулууда

Аймак Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 10:00
1.jpg
767070050_2259313028245392_3621128513338911051_n.jpg
2.jpg
3.jpg
763961530_2259312334912128_5816840583114698287_n.jpg
763992776_2259312841578744_2317599283402072246_n.jpg
764006334_2259312598245435_1867416766037178910_n.jpg
764116532_2259312678245427_6291910023954680156_n.jpg
764720322_2259312608245434_5597663477988453334_n.jpg
764845079_2259313164912045_8630660296841641704_n.jpg
764855196_2259312444912117_7454180752685603914_n.jpg
764855209_2259312541578774_7646129365063687769_n.jpg
765116574_2259312661578762_7551170166938444359_n.jpg
765769761_2259312361578792_5800956561118530001_n.jpg
766762729_2259313201578708_6410511306336022995_n.jpg
769082929_2259312578245437_3470335366778960667_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эрмат Жумаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев облуска кире бериште ишке ашырылып жаткан бир катар инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Өкүлдүн маалыматына караганда, учурда мынла туристтер жана коноктор үчүн заманбап "рест-поинт" курулууда. Анда жүргүнчүлөр үчүн ажаткана, кофекана, дүкөн жана электр унааларын кубаттоочу жай каралган.

Мындан тышкары, облуска кире бериштеги арка реконструкцияланып, Манастын айкели жаңыланып, айланасы жашылдандырылууда. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу орнотулуп, эс алуучу отургучтар коюлууда.

Долбоордун алкагында Талды-Булак айылынан Өтмөк ашуусундагы облус чек арасына чейинки 36 чакырым жолго электр чубалгылары тартылып, жалпысынан 750 жарыктандыруу чырагы орнотулат. Бул жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарын алдын алууга жана аймактын инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Эрмат Жумаев аткарылып жаткан иштердин негизги максаты – облус тургундары жана меймандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, Таластын инфраструктурасын өнүктүрүү экенин белгиледи.