Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Талас облусу боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 23,7 пайызы же 42 миң 966 жаран Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, өз тандоосун жасады. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ал эми саат 12:00гө карата аталган облуста шайлоочулардын 9,5 пайызы же 17 миң 173 жаран добуш берген.
Талас облусу боюнча 17 шайлоо округ жана 117 шайлоо тилкеси бар. Андан тышкары, Жерүй алтын кенинде аралыктан добуш берүү тилкеси жайгашкан.
Негизинен Талас облусунда 16 айыл аймак, 93 айыл жана бир шаар бар. Жалпы облус боюнча жалпы 181 миң 136 шайлоочу катталган.