Талас облусунда Милициянын аллеясы ачылды

Аймак Загрузка... 23 Июль 2025 10:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.07.25 /Кабар/. Күн мурун Талас шаарында Милициянын аллеясы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аллеянын курулушу ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен ишке ашып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдындагы бош турган жер заманбап коомдук эс алуу жайына айланды.

Ачылыш аземине президенттин өкүлү Эрмат Жумаев, Талас облустук милициясынын башчысы Азенбек Козукеев, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аллея – бул коомдук тартипти сактап, эл коопсуздугун камсыз кылып келе жаткан милиция кызматкерлеринин талыкпаган эмгегине жана мекенге болгон берилгендигине арналып жасалган эстелик мүнөзүндөгү долбоор. Аталган жай жаштарга тарбия берүүдө, коомго үлгү болууда жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.