Талас облусунда эки жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

Аймак Загрузка... 05 Август 2025 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Талас облусунда эки жаңы суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги облустун аймагында курулуп жаткан ирригациялык обьекттердин курулушу, дыйкандарга сугат суунун берилиши, вегетациянын журүшү менен жеринен танышып чыкты.

Алгач реабилитациялоого муктаж болгон Чоң-Талас каналын көрдү. Аталган канал Бакай-Ата жана Айтматов райондорунун 20 миң гектардан ашык айдоо аянттарын суу менен камсыздайт. Бул каналдын негизги бөлүгү жер-арык абалында болгондуктан, суу бөлүштүрүүдө кыйынчылыктар жаралууда, андыктан Чоң-Талас каналынын реабилитациясына муктаждык жогору. Учурда Талас башкы суу чарба башкармалыгы жана Айтматов райондук башкармалыгы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мындан сырткары, Талас районундагы Кең-Көл өзөнүнүн башына сугат сууну топтоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында көлөмү 6 млн м³ болгон суу сактагычтын курулуш иштери пландалууда.

Бул суу сактагыч курулса натыйжада 4 277 гектар жердин сугат суу менен камсыздоосу жакшырат. Талас дарыясынан Чоң каналга суу берүү да жакшыртылат.

Ошондой эле Бакай-Ата районундагы Урмарал дарыясынын башына көлөмү 50 млн м³ болгон дагы бир суу сактагыч куруу пландалууда. Бул район аймагындагы 13 294 гектар сугат жерди суу менен туруктуу камсыздоого багытталган.