Таласта 3300 фарфор изолятор айнек изоляторлорго алмаштырылды

Аймак Загрузка... 06 Ноябрь 2025 11:20
FB_IMG_176240430816.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек,06.11.25./Кабар/. Талас облусунда 3300 фарфор изолятору толугу менен айнек изоляторлорго алмаштырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында жалпы 3300 даана фарфор изолятор айнек изоляторлорго алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.

Модернизациялоо программасынын алкагында 35 кВ аба чубалгылары боюнча бардык изоляторлор айнек изоляторлорго алмаштырылды.

Ошондой эле, мамычалардын үстүңкү бөлүктөрү жана туташтыруучу элементтер текшерилип, зарыл болгон жерлерде оңдолуп, аба чубалгыларынын трассалары тазаланып, бак-дарак жана бадалдарды бутоо иштери аткарылды.

Мындан тышкары, 110 кВ “Семетей – Победа” аба чубалгысында жүргүзүлгөн капиталдык курулуш иштери да ийгиликтүү аяктап, узундугу 47,06 чакырым болгон тилкеде зымдар, изоляторлор жана сцепная арматураны алмаштырылды.

Ошондой эле, жогорку чыңалуудагы линияларда термографиялык изилдөөлөр жана техникалык кароолор жүргүзүлдү.