Таласта 70 км электр чубалгылары заманбап СИП кабелдерине алмаштырылат

Аймак Загрузка... 23 Апрель 2026 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Талас электр тармактар ишканасы 2026-жылы 70,5 чакырым заманбап СИП кабелдерин тартат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иштер май айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Аткарыла турган иштердин аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Бакай-Ата району: 10 кВ чыңалуудагы СИП-3 аба чубалгысын куруу (100 метр) жана 0,4 кВ СИП-2 чубалгыларын реконструкциялоо (10,2 км);
  • Манас району: 10 кВ СИП-3 чубалгысын куруу (2,0 км) жана реконструкциялоо (1,2 км), ошондой эле 0,4 кВ чубалгыларын реконструкциялоо (13,3 км);
  • Айтматов району: 10 кВ СИП-3 чубалгысын реконструкциялоо (7,6 км), куруу (0,5 км) жана 0,4 кВ СИП-2 чубалгыларын реконструкциялоо (16,3 км);
  • Талас шаары: 10 кВ СИП-3 чубалгысын реконструкциялоо (7 км) жана 0,4 кВ СИП-2 чубалгысын куруу (0,5 км);
  • Талас району: 10 кВ СИП-3 чубалгысын реконструкциялоо (1,8 км), куруу (0,5 км), ошондой эле 0,4 кВ СИП-2 чубалгыларын реконструкциялоо (3,3 км) жана куруу (6,2 км).
"Бүгүнкү күндө Талас электр тармактар ишканасына керектүү СИП кабелдери толук алынып келинип, райондук жана шаардык электр тармактарына бөлүштүрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.