Такыр-Төр көлүнүн жырылышы. Аймакка "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди

Кырсык Загрузка... 28 Июнь 2025 14:24
1.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Такыр-Төр көлүнүн жырылышынан улам коркунуч жаралган аймактарга "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда коркунуч жаралган Алмалуу айылына Райондук электр тармактарынан 16 кызматкер тартылып, электр мамычаларынын түбүн бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.

Жеринде ӨКМден жалпы жалпы 114 адам жана 14 техника даярдыкта турат.

Эске салсак, 2025-жылдын 27-июнь күнү Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлү жырылган. Ташыган суу Алмалуу, Тоолуу-Серафимовка, Төмөнкү Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган.

Ошондой эле Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата унаа жолуна, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар-үйүнүн суу дарбазасын каптап кетүү коркунучу жаралган.

Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу максатында бүгүн, 28-июнь күнү Ысык-Ата районунун акиминин тескемесинин негизинде райондун аймагына "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.