Бишкек 28.06.25 /Кабар/. Такыр-Төр көлүнөн жаралган кырдаалдан соң бүгүн Ысык-Ата райондук РЭТтин кызматкерлери тарабынан Алмалуу айылынын электр мамыларынын түбүн бекемдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жоюлду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата унаа жолуна жалпы 6 техника тартылып, тазалоо иштери аткарылууда.
Агып жаткан суунун көлөмүнөн өзгөрүү жок 3-4 м3/с түзөт.
Эске салсак, күн мурун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Тоолуу-Серафимовка, Төмөнкү Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган.
Ошондой эле Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата унаа жолуна, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар-үйүнүн дарбазасын суу каптап кетүү коркунучу жаралып, аймактан жалпысынан 950 адам эвакуацияланган.