Бишкек, 24.09.25 /Кабар/. Тайванда болгон “Рагаса” тайфуну катуу кыйроолорго алып келди. Бул тууралуу Борбордук маалымат агенттигине таянып, Коммерсант жазды.
Маалыматтарга ылайык, Хуалянь уездинде көл ташып, суу көпүрөнү алып кетти. Ошондой эле 14 киши каза таап, 124 адам дайынсыз жоголуп, 18и жаракат алып жана 7 миңден ашуун тургун эвакуацияланды.
Буга чейин бул тайфундун кесепетинен түндүк Филиппинде да сел жана көчкү кыйроо жана жоготууларга алып келип, 17,5 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
“Рагаса” эми Кытайдын түштүк аймактарына (Гуандун, Гонконг, Макао) жакындап баратканы айтылат. Гонконг обсерваториясы шамалдын борборундагы ылдамдыгы 195 км/саатка жеткенин билдирет. Ал батыштан түндүк-батышты көздөй 22 км/саат ылдамдык менен жылууда. Гуандунда 1 миллиондон ашуун адам эвакуацияланды. Гонконг жээгинде суу деңгээли 2–5 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн экендиги белгиленет.