Тайванда 6,1 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө 26 декабрь 2025 11:30
Тайванда 6,1 баллдык жер титирөө катталды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Тайванда 6,1 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости аралдын Борбордук метеорологиялык башкармалыгына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Гаосюн порт шаарынан 90 чакырым түндүк-чыгыштагы Тайдун округунда 12 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Жаракат алгандар же кыйроолор тууралуу маалымат айтыла элек.