Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. “Дуцзюань” тайфунунан Японияда кеминде 362 мектеп жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги билдиргенин ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, зыяндын көпчүлүгү катуу жаан-чачын жана жер көчкүлөрдөн келип чыккан суу ташкындарынан улам болгон. Эң чоң зыян Токионун чыгыш тарабында жайгашкан Тиба префектурасында катталган. Ал жерде 280ден ашык мамлекеттик жана жеке менчик мектептер жабыркаган. Тиба префектурасында жана Токиодо 36 башталгыч жана орто мектеп убактылуу жабылган.
Акыркы маалыматтар боюнча тайфундун кесепетинен 11 адам каза болуп, үчөө дайынсыз жоголгон.