Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында эл аралык почта жөнөтмөлөрү аркылуу баңгизаттарды ташып келүү жолу аныкталып, кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери ИИМ менен биргеликте "Кыргыз почтасы" борборунда текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда Таиланддан келген бүктөлмө отургучтун ичине жашырылган 700 грамм гашиш табылган.
"26-мартта Бишкек шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында аталган жүктү алуу учурунда эки жаран кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылууда.