Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Күн мурун Таиланддын Пхукет провинциясынын Майтон аралында турист ташыган катер жарылып, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, “Thanamarine “555 катеринде жалпы 37 адам болгон, анын ичинде Казакстандын төрт жараны, Россиядан келген туристтер жана экипаж мүчөлөрү болгон.
Жарылуудан 6 турист жана бир гид жарадар болгон. Жабыркаган жети адам тең ооруканага жеткирилген.
“Окуя болгон жерге деңиз жана өрткө каршы кызматтарынын кемелери жана катерлери келишкен, бирок катерди сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Катер толугу менен күйүп кеткен”,-деп айтылат маалыматта.