Таиландда тик учак кулап, 3 киши каза болду

Дүйнө 26 май 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-05-26 at 06.53.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-26 at 06.53.16.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-26 at 06.53.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-26 at 06.53.16.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Күн мурун Таиланддын батышында тик учак кулап, үч адам каза болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, учак Прачуап Хири Хан провинциясынын Муанг районуна кулап түшкөн. Бортунда төрт адам болгон

Тик учак кулаганга чейин үч киши каза болуп, бирөө парашют менен секирүүгө үлгүргөн.

“Аман калган адамдын абалы жана кайда экени азырынча белгисиз. Кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.