Таиландда акыркы 300 жылдагы эң катуу жамгыр жаады

Дүйнө Загрузка... 27 Ноябрь 2025 16:55
WhatsApp Image 2025-11-27 at 08.15.11.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Таиландда акыркы үч кылымдагы эң катуу жамгыр жаап, өлкөнүн түштүгүндөгү 10 провинцияда суу ташкыны болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

The Nation басылмасынын маалыматына ылайык, 23-ноябрдан 26-ноябрга чейинки үч күндө жааган жамгырдын көлөмү 630 ммге жетип, бул 2010-жылы болгон тарыхый суу ташкынынан да ашып түшкөн. Бул жылы жаан-чачын 428 ммди түзгөн.

Хат Яй шаарында суунун деңгээли 0,5 метрден 2,5 метрге чейин көтөрүлгөн.

Катуу жаан-чачындан улам 13 адам каза болуп, болжол менен 1,9 миллион адам жабыркаган.

Суу ташкыны өлкөнүн өнөр жайына да олуттуу зыян келтирген.

Өлкө бийлиги кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жарандарды колдоо үчүн ыкчам аракеттерди көрүүдө.