Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Таиланддын түндүгүндөгү Уттарадит провинциясында токойдон иттер багып жаткан сегиз жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка караганда, бала буга чейин апасы менен токойдогу эски кепеде жашачу. Бирок, апасы баңги заттарына көз каранды болгондуктан, күндүз тилемчилик кылып, уулун дайыма жалгыз таштап кетчү. Бир күнү ал үйүнө кайтып келген эмес.
Жергиликтүү тургундардын билдирүүсүнөн кийин бул окуяга балдарды коргоо боюнча кайрымдуулук уюму кызыгып, анын жетекчиси Павина Хонгсакул полицияга кайрылган. Июнь айынын аягында жүргүзүлгөн тинтүү маалында бала токойдогу кепеде алты иттин арасында табылган.
Коомчулуктун айтымында, балага башка балдар жакындашчу эмес. Себеби, ал иттер менен жакын мамиле түзүп, алардын жүрүм-турумун өзүнө сиңирген. Куткаруу учурунда ал үрүп, төрт буттап басып жүргөн.
Бала учурда жергиликтүү балдар үйүнө жайгаштырылган. Өз кезегинде Таиланд бийлиги анын жашоосун жакшыртуу үчүн бардык чаралар көрүлөрүн билдиришкен.