Таиландда 2027-жылдын башында туристтик салык киргизилиши мүмкүн

Дүйнө 8 октябрь 2026 09:30
Таиландда 2027-жылдын башында туристтик салык киргизилиши мүмкүн

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Таиланддын бийлиги 2027-жылдын биринчи кварталында чет өлкөлүк туристтер үчүн туристтик салык киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, биринчи этапта салык өлкөгө учак менен келген чет өлкөлүк туристтерден алынат. Анын өлчөмү 450 батты түзөт.

Кургактык жана деңиз транспорту менен келген туристтерден салыкты бир жылдан кийин алуу пландалууда.

Туристтик төлөм медициналык камсыздандырууну жана турист каза болгон учурда төлөнүүчү компенсацияны камтыйт. Салык авиабилеттин баасына кошулабы же атайын тиркеме, сайт же төлөм терминалы аркылуу төлөнөбү — азырынча тактала элек.

Демилге өкмөт жана туризм тармагынын өкүлдөрү тарабынан колдоого алынганы менен, алгач долбоор Улуттук туристтик саясат комитетинде жана министрлер кабинетинде каралышы керек.

Документ жактырылгандан кийин Royal Gazette расмий басылмасына жарыяланат. Жаңы эрежелер жарыялангандан 180 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Таиланд бийлиги туристтик салыкты киргизүү менен жылына болжол менен 8 млрд бат киреше түшөрүн күтүп жатат. Каражат туристтик инфраструктураны жаңылоого жана чет өлкөлүк саякатчыларды медициналык камсыздандырууга жумшалмакчы.