Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Таиланд менен Камбоджанын чек арасында куралдуу кагылышуу катталып, анын кесепетинен бир таиланддык аскер каза таап, экөө жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып, РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Таиланд армиясынын өкүлү, генерал-майор Винтай Сувари Камбоджанын аскер кызматкерлери Таиланддын аймагына ок чыгарганын билдирген. Таиланд тарап жооп чараларын көргөн.
Анын айтымында, күн мурун эртең мененки саат 07:00 чамасында Камбоджа тарап чек арадагы башка аймактарды, анын ичинде “Анупонг” аттуу аскердик базаны аткылаган. Натыйжада бир таиланддык аскер каза болуп, дагы эки аскер жарадар болгон.
Генерал-майор Сувари Таиланд тарап артиллерия колдонгон Камбоджанын аскердик объектилерине каршы авиация соккуларын баштаганын билдирди.
Ошондой эле анын айтымында, буга чейин, жекшемби күнү, Камбоджанын аскерлери Таиланддын бир катар чек ара райондоруна чабуул жасаган. Андан кийин Таиланд армиясынын жетекчилиги чек арага жакын жайгашкан төрт провинциянын тургундарын эвакуациялоого көрсөтмө берген.