Таиланд менен Камбоджа ок атышпоо келишимине кол коюшту

Дүйнө Загрузка... 08 Август 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-08-07 at 17.53.35.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Күн мурун Куала-Лумпур шаарында Таиланд менен Камбоджанын ортосунда сүйлөшүүлөрү өтүп, жыйынтыгында эки өлкө ок атышпоо келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар ок атышпоо боюнча кеңири жана деталдуу талкуу жүргүзүшүп, төмөнкү макулдашууларга жетишишти:

  • аймактык мониторинг механизмин түзүү;
  • өз ара ишенимди калыбына келтирүү;
  • эл аралык гуманитардык укуктун негизинде туткунга алынган жоокерлерге аяр мамиле кылуу.

Өз кезегинде Таиланд эки өлкө макулдашууга келип, байланышты үзбөй, маселелерди эки тараптуу механизмдер аркылуу чечүүгө макулдашканын билдирген.

Мындан тышкары, Таиланд менен Камбоджа бир айдын ичинде комитеттин кезектеги кезексиз жыйынын өткөрүүнү да макулдашышкан.