БУУну тарыхта биринчи жолу аял киши жетектеши мүмкүн

Дүйнө
БУУну тарыхта биринчи жолу аял киши жетектеши мүмкүн
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

БУУнун башкы катчысы кызматына ат салышууда Коста-Риканын мурдагы вице-президенти Ребека Гринспан алдыңкы орунда келе жатат.

Ребека Гринспан

БУУнун Коопсуздук кеңешинин биринчи жашыруун добуш берүүсү боюнча Гринспан 10 добушка ээ болгон. Анын эң жакын атаандашы, Гайананын БУУдагы мурдагы элчиси Кэролайн Родригес-Беркетт 9 добуш алган.

Аймактык ротациянын айтылбаган эрежесине ылайык, Гутерриштин ишин Латын Америкасынан келген өкүл улантышы керек. Эгер Ребека Гринспан шайланса, ал БУУнун башкы катчылыгына келген биринчи аял болот. Анткени уюмдун тарыхында бул кызматты эч качан айымдар ээлеген эмес.

Башкы катчылыкка ондон ашык талапкер көрсөтүлгөн. Алар Антигуа жана Барбуда, Аргентина, Бурунди, Гайана, Коста-Рика, Тонга жана Уганданын сунушу менен ат салышууда. Талапкерлердин катарын 21-октябрда Бириккен Араб Эмираттары тарабынан расмий түрдө сунушталган Лана Заки Нуссейбах толуктады. Ал аталган уюмдун түзүмдөрүндө он жылдай иштеп, Коопсуздук кеңешин эки жолу башкарган.

2026-жылы БУУ өзүнүн онунчу башкы катчысын шайлайт. Ал 2027-жылдын 1-январында Антониу Гутерриштин ордуна келет. Португалиялык саясатчы жана дипломат Антониу Гутерриш эл аралык уюмга 2017-жылы башкы катчы болуп шайланып, эки мөөнөт жетектеди.