Таиланд Камбоджа менен тынчтык келишимин токтотту

Дүйнө Загрузка... 11 Ноябрь 2025 17:54
WhatsApp Image 2025-11-11 at 11.20.02.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Таиланд Камбоджа менен АКШнын ортомчулугу астында түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишимин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Таиланддын премьер-министри Анутин Чанвиракун билдиргендей, келишим боюнча бардык иш-аракеттер өлкөнүн талаптары аткарылганга чейин токтотулат.

“Улуттук коопсуздугубузга карата кастык биз күткөндөй азайган жок”, - деген премьер-министр.

Премьер-министр Таиланддын конкреттүү талаптарын так атаган жок. Камбоджа тарап болсо азырынча расмий жооп бере элек.

Келишимдин шарттарына ылайык, Таиланд туткундагы 18 камбоджалык аскерди бошотууга жана эки тарап тең оор куралдарды чек ара аймагынан чыгарып, минадан тазалоо иштерин баштоого милдеттүү.

Таиланд падышалык армиясынын маалыматына караганда, Сисакет провинциясында кайгуул маалында сержант минага басып, оң бутун жоготкон. Экинчи жоокер жарылуу толкунунан көкүрөгүнөн жаракат алган. Эки аскер тең ооруканага жаткырылган.

Коргоо министри Наттафон Накпаниттин айтымында, тергөөчүлөр мина эскиби же жакында орнотулганбы – аны тактап жатышат. Ошондой эле ал камбоджалык туткундарды бошотуу процесси ушул жуманын аягына белгиленгенине карабай, азырынча кийинкиге жылдырылганын билдирди.

Эки тарап тең куралсыздандыруу боюнча айрым жетишкендиктер бар экенин белгилешкен. Бирок, Таиланд Камбоджаны минадан тазалоо иштерине тоскоолдук кылууда деп айыптады. Өз кезегинде Пномпень келишимдин бардык пункттарын аткарып жатканын айтып, Таиландды туткундарды тез арада бошотууга чакырган.

Таиланд болсо Камбоджаны чек арага жаңы миналарды коюуда деп айыптап жатат. Пномпень бул дооматтарды кескин түрдө четке каккан.

Эске салсак, Таиланд менен Камбоджанын премьер-министрлери буга чейин Куала-Лумпурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) саммитинде АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен “тынчтык келишимине” кол коюшкан.