Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Таиландда күндүз алкоголдук ичимдиктерди сатууга 50 жылдан бери колдонулуп келген тыюу алынды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жаңы эреже алгач алты айлык сыноо мөөнөтүндө иштейт. Эми өлкө ичинде күндүз саат 14:00дөн 17:00гө чейин алкоголдук ичимдиктерди сатууга уруксат берилет.
Алты айлык сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин бул чаранын экономикалык жана социалдык таасири бааланып, анын негизинде тыюуну узартуу же толугу менен алып салуу маселеси каралат.
Белгилей кетсек, Таиландда бул чектөө 1972-жылы киргизилген. Анын максаты жумуш убактысында спирт ичимдиктерин колдонууга жол бербөө болгон.
Март айында өлкөнүн парламенти алкоголдук ичимдиктерди сатууга тиешелүү режимди жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырган.