Тагдырды таасын ачкан жазуучу же сатира философияга айланганда

Маданият Загрузка... 08 Апрель 2026 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Адабият деп маңдай тер төгө иштеп, окурмандарына укмуштуудай көркөм дүйнөлөрдү сунган, өз боюна пенде баласында кездеше калчу терс адаттарды, текеберлик мүнөздү жакын жуутпай сыпаа мүнөз күткөн, тоодой иш аткарса да, анысын эч кимге милдет кылбай ак жашап өткөн кара сөз чебери — Касым Каимов.

Ал, адабиятка адеп келген күндөн тарта турмушту өзү курдуу тең чамалаш калемдештеринен таптакыр башкача көрүп, коомдо болуп жаткан окуяларды безге сайгандай юмор менен көрсөтө билгени менен айырмаланып чыга келген чебер жазуучу.

Касым Каимов – турмушунда башкалардын көзүнө анчейин байкалбаса да, жазгандары бүтүндөй окурман журту ичинде баамга урунган бараандуу жазуучу.

* * *

Кыргыз прозасында адам мүнөзүн, коомдук психологияны жана турмуштук карама-каршылыктарды көркөм иликтөөгө алган жазуучулардын арасында Касым Каимов өзгөчө орунду ээлеген чебер сүрөткер. Ал прозаик жана сатирик жазуучу катары көп кырдуу чыгармачылык мурас калтырып кетти. Каимовдун чыгармаларынын өзөгү адам жана анын ички дүйнөсү, ал эми негизги көркөм куралы сатира, юмор жана психологиялык тереңдик.

Жазуучунун чыгармачылыкка карай сапары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, алгач ыр, очерк жана фельетон жазуудан баштайт. Бул мезгил, тактап айтканда, Каимовдун калеминин калыптанышына жана турмушту байкай билүүгө, коомдук көрүнүштөрдү аңдоо жөндөмүн өстүрүүгө өбөлгө болду.

1955-жылы жарык көргөн "Соңку жолугушуу" жыйнагынан эле Каимовдун кадимкидей жетилип калган жазуучу катары адабият майданына ишенимдүү кадам таштаганынан кабар берет. Андан кийин "Адашуу" (1957) жана "Мектеп жолунда" (1958) жыйнактары аркылуу сатира жазууда чеберчилиги толук ачылып, коомдогу терс көрүнүштөрдү көркөм-эстетикалык деңгээлде талдоого ала билген жазуучу болуп тааныла келди.

Касым Каимовдун сатиралык аңгемелеринин өзгөчөлүгү турмуштук чындыкта жана алардын типтүүлүгүндө. Ал каармандарын жасалма шарттарда эмес, күнүмдүк турмуштан алып, алардын мүнөзүн майда деталдар аркылуу ачат. Мисалы, "Начальниктин кабагы" аңгемесинде жазуучу кызматтык иерархиянын ичинде калыптанган кошоматчылык психологияны терең сүрөттөгөн. Анын каармандары жетекчисинин кабак-кашына карап, өз жүрүм-турумун өзгөртөт. Бул көрүнүш жеке адамдык принциптердин жоголушу, социалдык ролдордун үстөмдүгү деген олуттуу проблеманы көтөрөт. Автор бул маселени түздөн-түз айыптабай, юмор жана какшык аркылуу берет. Натыйжада, окурман күлүп жатып эле коомдо орун алган кейиштүү көрүнүштөргө, кошоматчылардын чыныгы жүзүнө күбө болот. Жазуучунун сатиралык аңгемелерин окуган соң коом дал ушундай кошоматчылардын жетегинде кете берсе эмне болорун, акыры келип ал туңгуюкка кептелерин аңдайт.

* * *

"Теке сүзгөндө" аңгемеси болсо адамдын аңкоолугу жана жоопкерчиликсиздиги тууралуу сатиралык мүнөздөгү чыгарма. Бул жерде жазуучу жөнөкөй турмуштук кырдаалды алып, аны жалпыланган социалдык деңгээлге алып чыгат. Адамдардын кайдыгерлиги, алдын ала ойлонбостугу чоң маселелерге алып келиши мүмкүн экенин сүрөттөйт. Сатиранын күчү дал ушунда: ал майда көрүнгөн окуя аркылуу чоң коомдук көйгөйдү көзгө сая көрсөтөт.

* * *

"Бөтөлкөдөгү киши" аңгемеси символикалык мүнөзгө ээ чыгарма. Аңгемеде адамдын руханий чектелүүсү, өзүнүн ички дүйнөсүндө камалып калышы көркөм образ аркылуу берилет. Каармандын “бөтөлкө ичинде” болушу анын тар дүйнөсүнүн, чектелген аң-сезиминин белгиси. Жазуучу мындай образ аркылуу коомдогу руханий жактан жакыр, кеңири ойлоно албаган адамдарды сынга алып, юмору менен ашкерелейт.

Каимовдун сатирасы – жеңил күлкү эмес, терең философиялык мазмунга ээ көркөм ыкма. Ал адамды шылдыңдоо үчүн эмес, аны ойготуу, тарбиялоо үчүн кызмат кылат. Жазуучу коомдогу алдым-жуттумдук, аракечтик, кошоматчылык сыяктуу көрүнүштөрдү сындоо менен адеп-ахлак маселелерин көтөргөн.

* * *

Касым Каимовдун чыгармачылыгы жалаң эле аңгеме жазуу менен гана чектелбестен, повесть жана роман жанрларында да жемиштүү уланды. "Бири-бирине окшобогон күндөр" повестинде Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы балдардын кейиштүү тагдырлары аркылуу коомдун оор абалы чагылдырылат. Бул чыгармада автор социалдык-тарыхый шарттарды жеке адамдын тагдыры менен тыгыз байланыштырат.

Жазуучунун мага өзгөчө жаккан чыгармаларынын бири “Кыш ыргактары” повести. Бул чыгарма өзүнүн терең философиялык маңызы жана турмушта биз ар күнү ойлонуп, аларды анчейин байкай бербеген башка өңүтүн таамай ачкандыгында. Чабандык кесип менен тоодогу катаал шартта күн кечирген жаш жубайлардын бири-бирине карата ыйбаа мамилеси, мектепти жаңыдан аяктаган кыздын турмуш жүгүн мойнуна артып, мына эми бүчүр байлап гүлдөй турган чагында чабандын жары болуп, жазмыштын оор сыноолоруна кабылганы, чыдамкайлык жана билинбеген бийик эрки менен аял акыры баарын көтөрүп жеңгени ырааты менен, бир кылка чебер баяндалат.

* * *

Жазуучу өмүрүнүн көпчүлүк жылдарын көлөмдүү роман жазууга арнады. Анын эң ири эмгеги "Атай" романы.

Кыргыз элинин кыйырына таанымал инсан Атай Огонбаев тууралуу көркөм изилдөө жазуучуга канчалык машакаттарды жаратты экен!?

Романда баш каармандын чыгармачылык калыптанышы, анын дүйнө таанымынын өсүшү, айлана-чөйрө менен болгон байланышы, ашыктык отунун аптабына куйкаланган Атайдын Седепке карата сезими кеңири сүрөттөлүп, ошол улуу сезими аны улуу обончуга айлантканы, жашоодо ал далай азап-тозокторго кабылса да, мөгдөп калбай, канында ойногон шыгы менен өзүн өзү жетилткенине күбө болобуз.

Жазуучу ушул чыгармасы менен биографиялык материалды көркөм жалпылоонун бийик деңгээлине жеткирди.

* * *

Касым Каимов улуттук адабиятыбызды бийиктикке көтөрүү менен кара сөздүн касиетин бизге ачык көрсөтүп кетти. Ал кыргыз адабиятында сатиранын устаты жана аңгеме жанрында алгылыктуу иштеген улуу сүрөткер экендигин калеминин күчү аркылуу айгинеледи. Жазуучу коомдогу көйгөйлөрдүн булагы кайда жатат деп толгонуп, нравалык маселелерди талбай козгогон. Жашоодогу терс көрүнүштөр менен күрөш жүргүзүү керектигин сатиралары аркылуу чымчып айткан. Ал эми повесттери менен Касым Каимов өмүр философиясын өзгөчөлөнүп көрсөткөн улуу жазуучу катары адабиятыбыздын төрүндө ар качан сыйлуу орунда тура берет.

* * *

Каимов калтырган мурастар азыркы тапта да актуалдуу!

Анын аңгемелери менен повесттери бизди адамдык насилди ыйык тутууга чакырык таштайт. Дал ошол үчүн жазуучунун калеминин сыйкырына баш ийебиз. Талантына тамшанабыз.

* * *

Мен жазуучу Касым Каимовдун өзү менен көрүшүп, таанышканга үлгүрбөдүм...

Эсимде, качан мен өспүрүм куракка келгенимде тагыраагы, 1989-жылдын 13-июль күнү 63 жаш курагында асылган оорунун айынан акыретке кете бергенин "Кыргызстан маданияты" гезитинен окуп калдым.

Жазуучу менен баарлашуу бактысына ээ болбосом да, чыгармалары менен бала чактан тарта жакын таанышып, ошол балалык баёо кыялымда өз божомолум менен: "Жазуучу Каимов өзү да айрым чыгармаларындагы каармандарындай ийменгенди билген сыпаа жана момун мүнөз адам болсо керек", — деген божомол кеткен.

Болжогонумдай эле, кийин жазуучунун уулу, сүрөтчү Нурдин Каимов менен бир нече жолу аңгемелешип, атасынын алдым-жуттумдан алыс, боорукер, момун мүнөз күткөн, атак-даңктын аркасынан чуркабай, иш бөлмөсүндө күжүрмөн мээнет кылган адам болгондугун далай жолу уктум.

* * *

Касым Каимов бизге “Акырын күтпө”, “Кыш ыргактары”, “Белгилүү эркек”, “Бири-бирине окшобогон күндөр” жана “Талаа жылдызы” повесттери менен бирге “Атай” романын таберик таштап, колуна калем кармап чыгарма жаратам деген жаш калемгерлер – чыныгы жазуучу кандай болушу абзел экендигин үлгү кылып көрсөтүп кетти.