Санариптешкен "Манас" ааламы: Залкар сүрөтчү Жоомарт Кадыралиев эскерилди

Маданият 28 Май 2026 14:20
706527646_991541646905996_3152060665494765398_n.jpg
706464418_991420010251493_7769151145406722240_n.jpg
706698030_991420326918128_9120607408341909914_n.jpg
706338337_991420690251425_8820869608705856206_n.jpg
706377333_991420583584769_5098104534421808371_n.jpg
706649884_991419953584832_5739485904502980214_n.jpg
706711471_991420036918157_2419529657948464960_n.jpg
706357355_991419380251556_265238310224536502_n.jpg
706611493_991420160251478_5897454257192157710_n.jpg
707231689_991419220251572_2836506519783371621_n.jpg
708289665_991419256918235_1387140169497714607_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. "Манас" улуттук академиясында Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Академиядан билдиришкендей, иш-чарада “Жоомарт жолу – “Манас” аттуу сүрөт-китебинин бет ачары болуп, сүрөтчүнүн улуу эпоско арналган эмгектери коомчулукка сунушталды. Ошондой эле заманбап технология менен айкалышкан “Көктүн уулу” аттуу иммерсивдик санарип музейинин ачылышы өзгөчө таасир калтырды.

Эскерүү кечесинде сөз сүйлөгөндөр кыл калем чеберинин чыгармачылык мурасы кыргыз маданиятынын алтын казынасында өзгөчө орун ээлерин, ал эми анын ар бир эмгеги эпостун духун сүйлөткөн баалуу казына экенин белгилешти.

Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, көрүнүктүү маданият жана коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр, студенттер, ошондой эле залкардын жакындары катышып, анын өнөр жолу тууралуу жылуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.

Алардын катарында төмөнкүлөр бар:

  • Октябрь Капалбаев — президенттин администрациясынын бөлүм башчысы;
  • Назира Аалы кызы — "Манас" улуттук академиясынын президенти;
  • Түгөлбай Казаков — КР Эл артисти;
  • Осмонакун Ибраимов — коомдук жана мамлекеттик ишмер, академик;
  • Асан Жакшылыков, Кайрат Иманалиев — КР Эл жазуучулары;
  • Меңди Мамазаирова — КР Эл акыны;
  • Асан Турсункулов — КР Эл сүрөтчүсү;
  • Жакшыбек Жунушев — Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы;
  • Жаңыл Төлбашиева — С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын өкүлү;
  • Элдар Аттокуров — А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору;
  • Эркайым Кадыралиева — Жоомарт Кадыралиевдин жубайы.

"Көктүн уулу" иммерсивдик санарип музейин виртуалдык форматта көрүүгө болот. Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз: «Көктүн уулу» санариптик көргөзмөсү