Бишкекте эл аралык "Оймо 2026" фестивалы өтүүдө

Маданият Загрузка... 28 Май 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында XX "Оймо 2026" эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталды.

Мэриядан билдиришкендей, быйылкы фестиваль "Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук" деген ураан алдында өтүүдө.

Ачылыш программасынын алкагында кыргыз маданиятына жана кол өнөрчүлүгүнө салым кошкон инсандар — Динара Чочунбаева, Айдай Асангулова жана Гүлнур Канаттын ишмердүүлүгүнө арналган даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чара белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын жана "Кыргыз кайрык" ансамблинин концерттик программасы менен коштолду.

"Оймо 2026" фестивалы борбор калаада 31-майга чейин уланат. Юбилейлик программага Кыргызстан, Борбор Азия жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген 150дөн ашык кол өнөрчү, дизайнер жана сүрөтчүлөр катышууда.