Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–5-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык борборунда эл аралык “Көчмөндөр санаты” фестивалы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын алкагында көчмөн элдердин музыкалык мурасы, улуттук музыкалык аспаптары жана аткаруучулук өнөрү бир сахнада тартууланат.
Маалыматка ылайык, фестивалга Кыргызстандан 17, чет өлкөлөрдөн 60, жалпы 77 өнөрпоз катышат. “Көчмөндөр санаты” фестивалынын ачылыш аземи 2-сентябрда саат 16:00дө “Рух Ордодо” өтөт.
“Иш-чарага билеттерди nebs.gov.kg сайтынан жана “Рух Ордо” маданий-этнографиялык борборунун кассасынан сатып алууга болот”, - деп айтылат маалыматта.
“Көчмөндөр санаты” фестивалы көчмөн элдердин салттуу музыкасын, улуттук аспаптарын жана муундан муунга өтүп келе жаткан музыкалык мурасын бир аянтчада таанытууга багытталган.