Тогуз коргоолчу Гүлжамал Сарыкеева: Алдыңкы орундарда келе жатам

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 16:55
Тогуз коргоолчу Гүлжамал Сарыкеева: Алдыңкы орундарда келе жатам

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол боюнча мелдеш кызуу уланууда. Ага 30дан ашык өлкөдөн келген спортчулар катышып, күчтөрүн сынап жатышат.

Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Гүлжамал Сарыкеева алты турдун жыйынтыгында 5 упай топтоп, учурда алдыңкы орундарда келе жатканын айтты.

“Алты турдан 5 упайым бар. Бир гана жолу Казакстандын оюнчусуна утулуп калдым. Оюндар кызуу жүрүп жатат. Казакстандын курама командасынын оюнчулары күчтүү атаандаштык көрсөтүп жатышат. Ошондой эле Монголия, Испания жана Чехиядан келген оюнчулар да жакшы даярданып келишиптир.

Бүгүн жана эртең дагы бирден тур өткөрүлөт. Андан кийин мелдеш жыйынтыкталат. Байгелүү орундарга жетишебиз деген жакшы тилектерим бар. Азырынча ким биринчи, ким экинчи болору белгисиз. Бирок мен алдыңкы орундарда келе жатам. Кудай буюрса, жеңишке жетем деген үмүтүм бар”, — деди ал.

Спортчу мелдештин жыйынтыгы акыркы эки турдан кийин белгилүү болорун кошумчалады.

Анын айтымында, тогуз коргоолду студенттик кезден тартып ойной баштаган. Бүгүнкү күндө бул спорт менен 15 жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келет.

“Биринчи Көчмөндөр оюндарына тогуз коргоол боюнча катышкам. Экинчи Көчмөндөр оюндарында мангала боюнча катышып, биринчи орунду алгам. Бул жолу үчүнчү ирет катышып жатам”, — деди Сарыкеева.