Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол, овари жана мангала боюнча мелдештерге 53 өлкөдөн келген спортчулар катышууда.
Бүгүн акыл оюндары боюнча акыркы турлар өтүп, жеңүүчүлөр эртеңки финалдык оюндардан кийин аныкталат. Мелдештер швейцариялык система боюнча уюштурулуп, спортчулар күчтүү атаандаштыкта күч сынашууда.