Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн Германия, Нидерланды, АКШ жана Мексикадан келген чет элдик коноктор Кыргызстан тууралуу таасирлери менен ”Кабар” агенттигине бөлүштү.
Саякатчылар өлкөнүн маданиятын, элинин меймандостугун, улуттук ашканасын жана ат оюндарын өзгөчө белгилешти.
Германиядан келген Кристофер Бринг Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын айтты.
”Биз үчүн баары жаңы болду — тамак-ашы, маданияты, спорту. Бул жердин эли абдан шайыр экен, чарчап турушса да салттуу аспаптарда ойноп, ырдап, бийлеп өздөрүнүн меймандостугун көрсөтүп жатышат”, - деди ал.
Чет элдик меймандар өзгөчө көк бөрү оюнуна суктанышканын жашырган жок.
”Аттар жана ат чабыштар менен байланыштуу нерселердин баары бизге абдан жакты”, - дейт Нидерландыдан келген Родо Муралис.
Ошондой эле чет элдиктерди көчмөндөрдүн өз маданияты менен сыймыктанышы жана аны келген конокторго тааныштурууга болгон умтулуусу суктандырган.
”Бир нерсени түшүнбөй жатсак да, ар дайым процесстин ичинде болуп, кызыгуу менен көз салып жаттык”, - деп кошумчалады Нидерландынын өкүлү.
Муну менен катар, меймандар улуттук тамак-аштардан да ооз тийип, өзгөчө куурдак менен мантыга жогору баа беришти.