Көчмөндөрдүн мурасы бүгүнкү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 14:10
Көчмөндөрдүн мурасы бүгүнкү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аталган бүгүнкү эл аралык илимий конференциянын максаты — көчмөн коомдордун мурастарын изилдөө, алардын руханий-маданий жана саясий-укуктук мурастарын азыркы мезгилдеги актуалдуу маселелерди чечүүдө пайдалануу. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов билдирди.

Анын айтымында, көчмөн коомдордун саясий-укуктук системаларын изилдөө конференциянын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

“Коомдогу саясий-укуктук системанын деңгээли ар дайым цивилизациянын деңгээли менен байланышта болот. Ушул өңүттөн алганда, көчмөн коомдо элдик башкаруунун жогорку жетишкендиги катары бааланган көчмөн демократиясынын элементтери болгон”, — деди ал.

Профессордун белгилегендей, көчмөн элдерде мамлекеттик бийликтин түзүмдөрү калыптанып, курултайларда жогорку башкаруучулар шайланган. Мамлекеттик бийлик органдары жана кызмат адамдары эл алдында жоопкерчиликтүү болуп, зарыл учурда алмаштырылып турган.

Ошондой эле коомдук мамилелерди жөнгө салууда элдин каада-салты жана үрп-адаттары негизги роль ойногон. Кийинчерек алар укуктук нормаларга айланып, кылымдар бою калыптанган адат укугу пайда болгон.

  • “Укуктук системанын негиздерин калыптандыруунун мындай ыкмалары элдин цивилизациялык деңгээлин жана жогорку укуктук маданиятын айгинелейт. Алар бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жогото элек”, — деди.

Ал кыргыз жеринде ар кандай мамлекеттик түзүлүштөр жана аларга ылайык келген укуктук системалар калыптанганын белгилеп, бул маселелерди изилдөө укук таануучулардын, тарыхчылардын жана философтордун маанилүү милдеттеринин бири экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференция өтүүдө.