Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында ар кайсы өлкөнүн таланттуу балдарын бир аянтчага чогулткан "Наристе" VI эл аралык балдар фольклордук фестивалынын ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, CIOFF эл аралык уюмунун президенти Кристиан Идальго-Маццейни жана башка ардактуу коноктор катышты.
Мэр Айбек Жунушалиев өз сөзүндө маданият элдер ортосундагы достукту чыңдоочу ишенимдүү көпүрө экенин жана балдар өз элинин каада-салтын сактаган тынчтыктын элчилери экенин баса белгиледи.
Үстүбүздөгү жылы фестивалга Кыргызстан, Беларусь, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Румыния, Россия жана Өзбекстандан келген өнөрпоздор катышууда. Жалпысынан бул долбоор түзүлгөндөн бери дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн келген таланттардын башын бириктирди.
Фестивалдын программасында фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин концерттери, мастер-класстар, эл аралык конференциялар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана Бишкек шаарынын тарыхый жайларына экскурсиялар каралган.
Бүгүн, 1-июнда саат 17:00дө "Ала-Тоо" борбордук аянтында фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын артисттеринин катышуусунда чоң гала-концерт өтөт. Майрамдык программа Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган балдар дискотекасы менен жыйынтыкталат.