Табиятка көрк кошуп, жашыл шиберде оттогон жылкылар - сүрөт баян

Коом 4932 21 Май 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-05-21 at 16.41.02.jpeg
DSC06349.JPG
DSC06296.JPG
DSC06308.JPG
DSC05702.JPG
DSC05751.JPG
DJI_20250516135711_0059_D.JPG
DSC06310.JPG
DSC05714.JPG
DSC05722.JPG
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-21 at 16.41.02.jpeg
DSC06349.JPG
DSC06296.JPG
DSC06308.JPG
DSC05702.JPG
DSC05751.JPG
DJI_20250516135711_0059_D.JPG
DSC06310.JPG
DSC05714.JPG
DSC05722.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Исхак Туратбеков

Жылкы - асыл тукум жаныбар. Жылкылар дүйнөдөгү эң күчтүү жаныбарлардын бири болуп саналат. "Кабар" маалымат агенттигинин сүрөтчүсү Исхак Туратбеков Кара-Кой жайлоосунда оттоп жүргөн жылкыларды фотокапканына түшүргөн.

Жылкы бир күндө 50 килограммга чейин чөп жеп, аны сиңире алат. Бул жаныбарлар сезимтал келип, адамдын үнүндөгү эмоцияны билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Башка жылкыларды сүрөттөрдөн тааный алат. Бир-бирин көз карашынан түшүнүшөт. Алар бир эле учурда эки көз менен терең карай алат жана түстүү түш көрүшөт.

Жылкынын орточо жашоосу болжол менен 25-30 жыл. Эс-тутуму мыкты. Ага жамандык кылгандарды өмүр бою эстеп жүрүшү мүмкүн, бирок досторун да унутушпайт.
Чабандес жылкы менен эң бийик секирген учур 1949-жылы расмий катталган, анын бийиктиги 2 метр 47 сантиметрди түзгөн.

Жылкы дүйнө жүзүндө жыйырмадан ашык элдин маданиятында ыйык жаныбар катары эсептелет.