Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Төө-Ашуудагы туннелде эки тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, туннелдин кызматкерлери аба тазалоочу вентиляторду чечип, оңдоого алып кетишкен. Ал эми куткаруучулар туннелдин ичиндеги газды текшеришип, аба көрсөткүчү нормада экенин аныктап чыгышты. Учурда жол каттамы эки тараптуу ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек– Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы туннелдин ичинде (Төө-Ашуу ашуусу) саат 09:13дө "VOLVO" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан.
Мындан улам тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылып, жерине саат 09:16да куткаруучулар тартылган.