Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктады. Жол ачык

Аймак Загрузка... 25 Февраль 2025 18:18
38b7b8b2-8ca3-40e3-b3c3-fd293ef8ed10.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктап, жол эки тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы туннелинде саат 17:15те оңдоо иштери аяктап, эки тараптуу ачылды.

Белгилей кетсек, бүгүн туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, каттоого кооптуулук жараткан. Аны оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу саат 16:00дө убактылуу жабылган.